Биз социалдык тармакта

Баткенде Хундай Портер унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып КамАЗды сүзүп алып, айдоочусу каза болду

Баткенде Хундай Портер унаасы КамАЗды сүзүп алып, айдоочусу каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 8-октябрда саат 22:25те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 116-чакырымында Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып КамАЗды артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Хундай Портер унаасынын айдоочусу Абдыманап Токтобаев каза болгон.

Окуя болгон жерге ӨКМнын №3-Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, райондук ИИБ кызматкерлери аркылуу туугандарына өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuriyaeljan
2015-10-09 20:05:45
Иномарка жук ташуучу унаага караганда Камаздар жол кырсыгына коп себепчи болушат жолдо канча олумго себеп болду трассада 20-30/км.с ылдамдыкта кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан