Дортмунддук "Боруссия" футболдук клубунун мурунку машыктыруучусу Юрген Клопп англиялык "Ливерпуль" менен келишим түздү. Тараптар 3 жылдык келишимге кол коюшту. 48 жаштагы Клопп келишим боюнча жылына 9 миллион долларга жакын маяна алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, "Ливерпуль" мурдагы башкы машыктыруучусу Брендан Роджерс менен келишимди апта башында бузган.