Испанияда "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси менен анын атасы Хорхе Мессинин сот ишин кароо уланууда. Футболчу жана атасы 2012-2013-жылдары коммерциялык маанайдагы оюндарды уюштурууга катыштыгы бар болгону үчүн, бирок буга салык төлөбөгөнү үчүн айыпталууда.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, буга чейин сот футболчунун айыбы жок экенин аныктаган. Салык төлөнбөгөнү боюнча Хорхе Мессини гана күнөөлүү катары карап, 2 миллион айыпка жыгуу боюнча чечим чыккан. Ошондой эле ал 1,5 жыл абакта отурууга тийиш эле. Бирок мамлекеттик айыптоочу бул иш боюнча футболчунун да камакка алынуусун суранууда. Эгер бул сураныч канааттандырылса, аргентиналык чабулуучу 22,5 айга эркинен ажыратылат.