Учурда Катардын Доха шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотула турган бул мелдешке кыргыз мушкерлеринен Азат Усеналиев менен Эркин Адылбек уулу катышып, алгачкы беттештеринде эле утулуп калышты. Бул тууралуу Эл аралык бокс сүйүүчүлөр федерациясы (AIBA) кабарлайт.
Маалым болгондой, Азат Усеналиев 52 килограмм салмакта германиялык Хамза Тоуба менен кез келди. 3 раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар жеңишти бир добуштан германиялык мушкерге беришти.
Ал эми Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмакта сириялык Алаа Элдин Чусун менен рингде беттешип, упай катыштыгында утулуп калды.
Жыйынтыгында кыргыз мушкерлери мелдештен четтеп, бул жолу Олимпиадага жолдомо ала алышкан жок.