Кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев эми чемпиондук кур үчүн рингге чыгат

24-октябрда кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBU) чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрөт. АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтчү беттеш тууралуу маалыматты мушкердин менеджери Жаныш Осмон билдирди.

Маалым болгондой, беттеш 69 килограмм салмакта өтөт жана 8 раундга созулат. Урматтын атаандашы 27 жаштагы ямайкалык Натаниэл Галимор болмокчу. Ал профессионалдык рингде 9 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (8 нокаут). Ал эми Урматтын карьерасына үңүлсөк, Урмат профессионалдык рингде 7 беттешке чыгып, 6 ирет жеңүүчү аталган. 1 беттеште тең чыгуу катталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mars55
2015-10-09 17:20:00
Жениш жениш жана жениш
0
togotoy2015
2015-10-09 17:46:15
Ийгилик эми
0
Arslanbek
2015-10-09 18:19:47
Алга кыргыз
0
karona
2015-10-10 00:02:23
Алга кыргыз алга
0
Khabib
2015-10-11 16:27:18
iigilik utushtugana kaalaim
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан