Аламүдүндө үйүнө кирип, эки эркек кишини коркутуу жолу менен карактап кеткен кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 10-октябрда билдиришти.
Маалыматка таянсак, 21-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы эки эркек киши жашаган үйгө түн ичинде медициналык бет кап кийген үч адам кирип, коркутуу жолу менен 1500 долларын жана уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Жабыркагандар алардын бири кыз экенин байкап калышканын милицияга айткан. Алар жашаган жайда чет өлкөлүк жарандар иштеткен кафе бар. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары аталган райондогу жаңы конуштардын биринде жашынып жүргөн кызды колго түшүрүшкөн.
РИИБдин тергөө бөлүмү ага карата кылмыш ишин козгоп, далилдүү буюмдарды алган. Ал кыз мурун жогоруда аталган кафеде ашпозчу болуп иштеп кеткени аныкталды. Учурда тергөө иштери аяктап, иш сотко жиберилди. Ал эми калган эки шектүү адамды кармоо аракеттери жүрүп жатат.