Кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттешине келген күйөрмандар стадиондогу 250 отургучту сындырып кетишти

Кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттешине келген күйөрмандар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 250 отургучту сындырып кетишти. Бул тууралуу маалыматты КРнын Футбол федерациясы таратты. 
Маалым болгондой, стадиондун 28 секторунда тең отургучтардын сынганы байкалган. 
Кошумчалай кетсек, федерация бул беттешке көрүлгөн даярдык алкагында 2 миңге чукул отургуч орнотулуп, жаңыланганын маалымдаган. "Колдон келишинче күйөрмандарга жакшы шарт түзгөнгө аракет кылганбыз. Жыйынтыгы ушундай чыгып калганы өкүндүрөт. Стадион болгону 3 күндөн кийин Бангладеш курамасын кабыл алат",- деп жазылат маалыматта. 
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттеши 8-октябрда орун алып, 2:2 эсебинде аяктаган. Беттеш комиссарынын эсеби боюнча бул жолу стадионго 17 600 күйөрман келген. 
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз Республикасынын курама командасы 13-октябрда Бангладешти кабыл алат. Беттешке 19:30да старт берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
saru
2015-10-10 17:21:34
Кытайдын иштелбей токтоп турган Автобустарынын отургучун орноткула копко жетет
+3
Dadasdasd
2015-10-10 18:45:05
Китай
0
realliver
2015-10-10 19:02:18
Ошол жакка барып футбол корсонор коросунор. Акыркы гол киргенде элдин баары суйнгонунон секирип кыйкырып жатышат. Ошондой маалда сынат да. Же биздин отургучтар депутаттардыкындай беле, 120 кгды кебелбей которгондой. Эптегенле пласмасса.
+3
tina-Tin
2015-10-10 20:48:10
Кытайдын жупжука пластмасса отургучтары корунуп эле турат кун ысыкта тез эле чирип калат
0
manas93kg
2015-10-10 21:34:27
Ха ха булар гаршокторго
+1
Altysh_Boldush
2015-10-10 22:49:45
Бизге темирден болсо гана жакшы болмок.
0
Guljamal_2116
2015-10-10 23:09:21
Окунучтуу мындай болгону,бирок куйормандарда куноо жок.Реконструкция га болунгон акчага,сапаттуу оургучтар коюлуш кк.болчу.Же мындай сапатсыз кылып жасоонун кереги да жок эле.Сын эле Англия,Россиянын фанаттары барса эч нерсе калбайт ко.Как всегда элге эптеп китайский,а чиновниктердин мебельдери чет мамлекеттен жасалып келсе кк.Ошол ремонтту да кандай комиссия,кантип кабыл Алды экен?...
+1
Aziyat_01
2015-10-10 23:47:34
Бутундой стадионду талкалап чыгып кетишседа тан калбаш керек эле-)))) Футболчуларыбыз нанды чайнап жутканга келгенде оозунан алдырып койгону баарысынын канын кайнатты болуш керек-)))
0
atai9292
2015-10-11 00:34:57
Тооба кылдым ушундайда пас кетесинерби. Эмне 250 отургуч сынды эртен футбол кором деп эшиктеги тоогум олуп калды депта жазгыла. Бул сына турган нерсе сынат мен деле устуно чыкмакмын себеби отуруп корууго болбойт тике туруп кыйкыргандар тосуп калат уят эле мынтип айткан жарабайт
0
gulaza
2015-10-11 01:23:49
Отургучту койюп поляны жашылдандырып ак линияны туз сызып алайлы китайский отургучтар сынса маанилуу тема кылбай, фонаттардын айынан адам олуп жатбайбы дуйнодо отургуч эмес !
0
Dimonbek
2015-10-11 01:46:27
Эч кандай жапайычылык жок. Калп эле озубузду кемсинте беруунун кереги жок. Жакшы стадион курбаган окмотто куноо. Кайсы арларына ЖКге Отургуч алганы жатышат билбейм
+3
shake-shake13
2015-10-11 03:59:15
Куноонун баары озубуздо россияда деле стулдар ушундай эле сынса сынгандыр эми 100 билеттин акчасына ремонт кылып алса да болот
0
zhykyo
2015-10-11 08:57:57
Мурун эле ушундай болчу менин билишимче
0
medetbek
2015-10-11 13:33:05
калыныраак отургучтарды койгула да сынып калды деп кайра арызданбай. Акча болунгон болуш керек жакшы эле жарымы чонтоко кирип кетип атаса сынат да стулунар. Жанысынан койгуло калыныраак кылып.
+1
arash96
2015-10-11 14:43:48
250 элуусун эмес баардыгын сындырып кетсе болмок .Кантип уялбай айтып жатышат корунуп эле турат го сапатсыз стол экени менин уйдогу дагарам сапатуураак.Бул аянтчада дуйнолук футбол болот буйруса ондосун арам тамактарына тыкпай .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан