Жайыл районунда темир жолго отуруп алып сүйлөшкөн кызын күтүп жаткан баланы тепловоз сүзүп кетти

Жайыл районунда темир жолдо сүйлөшкөн кызын күтүп отурган баланы тепловоз сүзүп кетти. Бул тууралуу 10-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка таянсак, 9-октябрь күнү саат 00:45те милицияга бул тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция жана медицина кызматкерлери барганда тепловоздун айдоочусу баланын жолдон качуусу үчүн өтө катуу үн чыгаруу белгисин бергенин айткан. Бала ошол учурда үстүнө плед жамынып алып ырды катуу коюп угуп отургандыктан, тепловоздун үнүн уккан эмес. Айдоочу тепловозду токтотууга аракет кылганы менен, баланы сүзүп кеткен. Бала башынан жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Анын өздүгү такталып, ал 1996-жылы туулган Жайыл районунун тургуну болуп чыкты. Айрым маалыматтарга караганда, ал сүйлөшкөн кызын күтүп отурган экен. 
Учурда окуя иликтенип жатат. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
al-abu-kinesz
2015-10-10 20:47:00
Плетти оронуп отурган болсо однозначно кобуроок болугун астына тошоп алган муздак отпош учун, ошого да вибрацияны сезбесе керек...
+4
Tuha9393
2015-10-10 21:09:41
Кудай сактаптыр го
+2
Take_men
2015-10-10 22:28:20
Бишкекте сатылган наушниктер сапаты начар. 40 жылдан кийин слуховой аппаратка клиент коп болот коросунор. Арзан наушниктер чынкылдап башка добуш угулбайт.
+5
warsaw.
2015-10-11 08:13:02
Take_men, 40 жылга жетпей эле уже алды башталды глазнойго клиент телефон неутбук көзгө зыянда
+1
Yu-piter
2015-10-10 22:51:37
Коңкобай болуп калса керек да.
0
Izdeim_seni.
2015-10-10 23:01:35
Наушниктер угууну начарлатат. Айыкбас оорууга алып келет. Жаштар ушуну качан тушунет экенбиз.
+2
Arsen.D
2015-10-10 23:48:28
Этият болгулачы.
0
Serenada
2015-10-11 00:13:06
Атын чыкпаса жер орто болуптурда бул жагы
+1
Tyke_2013
2015-10-11 09:36:03
Сүйлөшкөн кызын күтүүгө тапкан местасын кара мунун. Кудай сактаптыр дагы...
+1
Mars55
2015-10-11 09:50:34
Наушниктин пайдасы
0
Kyke08
2015-10-11 10:44:50
Рамантиканын пайдасы
0
Lenin
2015-10-11 11:11:30
Артист
0
briliant87
2015-10-11 11:35:20
Тапкан жерин жолугушчу темир жол, асфальт жол жок бекен.
+1
Adiko..91
2015-10-11 20:50:48
Кеебир кыздар балдарды тушунушпойт даааааа балким романтик жаратып жаткандыр элееее не болсо да аман калса болду да
0
ILYAS181296
2015-10-11 23:00:53
Уктап калса керек да,уктаганда даолуктой уктап...
Мен уктаганда танка келатса ойгонбойм деген чын окшойт да.....
0
age88
2015-10-13 01:14:27
Темир жол айыл арасында болсо керек... Кыздын уйу темир жолдун жанында андай айылдар барго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан