9-октябрдан 12-октябрга чейинки аралыкта Польшанын Белосток шаарында алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу орун алды. Анда дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн келген 90 спортчу өз ара күч сынашты. КРнын Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдиргендей, анда кыргыз спортчулары 1 алтын, 2 коло медаль тагынышты.
Медаль ээлери:
Алтын: Кадыр Келсинбеков (100 килограмм салмакта)
Күмүш: Мырзабек Кочкоров (70 килограмм салмакта)
Күмүш: Чыңгыз Чалабаев (90 килограмм салмакта)
Мелдешке Азербайжан, Беларусь, Бразилия, Эстония, Грузия, Индия, Иран, Италия, Израиль, Кыргыз Республикасы, Латвия, Литва, Молдавия, Монголия, Голландия, Польша, Орусия, Сербия, Словакия, Түркмөнстан, Украина, Уругвай, Өзбекстан, Зимбабве өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.