Чүйдөгү түрмөдөн кылмышкерлер кантип качып кеткени тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болду

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качууну кылмышкерлер алдын ала пландашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти.
"Аларды токтотууга аракет жасаган ЖАМКтын үч кызматкери муунтулуп өлтүрүлгөн. Дагы бири катуу ур-токмокко алынып, анын баш сөөгү сынып кетиптир. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат. Ага операция жасалууда",- дешти ЖАМКтан.
"Учурда качып кеткен 4 кылмышкерди кармоого өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү биргелешип катышууда. Алар республиканын ар аймагына кетиши мүмкүн. Ошондуктан жолдордогу посттор күчөтүлгөн тартипке өтүштү",- деп маалымдашты мекемеден.
Түрмөдөн качууга аракет жасап кармалгандар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
nur-patriot
2015-10-12 10:30:50
оба алдын ала уюштурулган. балким ГСИНдин жардамы менен качышкан, взятка берип
-1
saru
2015-10-12 10:37:09
Уч адам муунтуп олтурулгон эмне алардын колунда Курал жарак жок бекен?
+2
bazar
2015-10-12 10:45:31
saru, құрал жарагы болсо деле аны колдонсо же кылмышкерди өлтүрүп алса жооп берет
0
bolsunalban
2015-10-12 11:31:27
bazar, эмнеге жооп берет. Кылмышкер качса эскертет, а эгер кол салса, керек болсо эскертуусуз курал колдонууга укугу бар.
+3
bazar
2015-10-12 14:53:41
bolsunalban, укугу болсо колдонбойбу анда
0
Dadasdasd
2015-10-12 11:27:57
saru,турмодон чыгып жатса кайдагы курал.
0
alatoositi
2015-10-12 12:27:28
Dadasdasd,жазат десе эле жаза бересинер да же айтайлап тушунмоксон болосунбу? Турмодо иштегендерде курал болот,жумушчуларда,ошолордун куралын айтып жатат
0
karona
2015-10-12 12:38:09
saru, бар болгондо да 3 киши менен 9 кишинин айырмасы бар да.
0
Gema
2015-10-12 10:54:59
ГСИН дин тиешеси жок болсо керек,менин билишимче озгочо Эдиль менен Алтынбек озулорунун максаты,ишеничи учун жанын бергенге даяр адамдар эле .Ошон учун ушундай кадамга барышты го.Окунучтуу(
+2
nur-patriot
2015-10-12 10:57:46
Gema, кылмышкерлердин бири омур бою түрмөдө камалган экен. албетте ал всю жизнь калгысы келбейт да. ушуну уюштурду
-1
Gema
2015-10-12 11:54:22
nur-patriot, ооба жана алардын кандай жол менен болбосун коздогон максаттары бар.
0
gulnur.narmatova
2015-10-12 12:11:28
Окунучтуу эми таба алаар бекен аларды
0
karona
2015-10-12 12:41:29
Ууу, буларсыз деле камалбаган кылмышкерлер эркиндикте жетиштуу эле, булар чыгып кетти, эмне болот эми элге?
0
88inara88
2015-10-12 16:19:18
Бирден уйлорду,талаа тоо жактарды карап издеш керек,булар машинага тушуп кетпей калдыгоо.кычык жактар менен качып кетишет,тезинен кармалып калсын эми,элге зыяны тийет булар кармалбаса
0
nurlan10000kg
2015-10-12 16:45:14
ошончо кылмышкерди 3 эле кызматкер кайтарат бекен кана калганы
0
MAKALAK
2015-10-12 17:20:12
сокращение болгон
0
aku
2015-10-12 19:40:28
Свет да ошол моментте очуп калат,машинасы да даяр булардын
0
Eliza761024
2015-10-13 08:37:38
Буларды кармаганга чейин,шаарга чыгыш кооптуу болуп калган турбайбы..
0
BeKaLoVe
2015-10-13 10:23:18
сыртта жүргөн бир адам жардам берген кечее күнү жаңылыктардан айтты светти очургон жокпуз ал жакты деп мунун баары бир шылтоого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан