Криштиану Роналду Европадагы лигаларда мыкты бомбардир катары 4-ирет “Алтын бутсага” ээ болот

Эртең, 13-октябрда испаниялык “Реал” футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Европанын ири лигаларында мыкты бомбардир футболчуга ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын алат. Бул сыйлык Роналдуга акыркы сезондогу жыйынтыгы үчүн тапшырылат. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, өткөн сезондо ал Испания чемпиондугунда 35 оюнда 48 гол киргизген.

Белгилей кетсек, муну менен португалиялык футболчу карьерасында “Алтын бутсаны” 4-ирет алмакчы (буга чейин 2008-жылы, 2011-жылы, 2014-жылы алган). Бул 1968-жылдан бери жыл сайын тапшырылып келген сыйлыктын тарыхында жаңы рекорд болмокчу. 

Кошумчалай кетсек, бул сыйлык Европанын лигаларында эң көп гол киргизген футболчуларга берилет. Сыйлык ээсин аныктоодо Англия, Германия, Испания жана Италиянын лигаларында киргизилген ар бир гол 2 упай болуп эсептелинет. Ал эми башка лигаларда катталган голдор 1,5 упайга тете. Роналду бул жолу 96 упай топтогон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
islam14
2015-10-12 11:05:22
Красава!!!Месси ичин ачышса туз жала...
+3
Dodon
2015-10-12 12:08:14
islam14, мессиде 4 алтын топ з алтын бутсы бар а роналдула 3 алтын топ 4 алтын топ болот буйруса .так что экоо бирдей эле
0
Dodon
2015-10-12 12:09:00
Dodon, алтын бутсы
0
Titi
2015-10-12 11:30:08
Азамат,чыныгы футболчу.
+3
aya88
2015-10-12 12:09:42
Поздравляю!!!
+2
fara2503
2015-10-12 12:32:53
Алтын топ ту алып койсо месси ден отот инш аллаа
+1
Serenada
2015-10-12 14:57:42
Ronalbo motor
+3
uran98
2015-10-12 17:14:57
Erkek
+1
Ajar.
2015-10-12 23:57:35
Башка спортчуларды билбейм, байкасам, кээ бир футболчулар аябай жасанып жүрүшөт экен (чачтарын түрдүүлөп, сөйкө тагынып...), бирок өздөрүнө жарашат... Бул сүрөттө Роналдунун айрыкча кашы жакты ))))
0
Kunbeken
2015-10-13 08:45:55
Эн сонун жанылык суйом го суйом. Ийгилик !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан