Учурда Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын 7-Спартакиадасы өтүп жатат. Спартакиаданын алкагында футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, самбо, дзюдо, шахмат, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу 13 спорт түрүнөн медалдар ойнотулууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
10-11-октябрда эркин күрөш боюнча мелдештерде 8 салмак категориясында (57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг) жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар менен сыйланышты. Командалык эсепте Бишкектин командасы 8 медаль утуп, 1-орунду ээледи (анын төртөө алтын). 2-орунду Ош шаарынын командасы ээлесе (жалпы 5 медаль, экөө алтын), 3-орунду Жалал-Абад облусунун курамасы багынтты (жалпы 6 медаль, анын бири алтын).