Бүгүн, 12-октябрда КРнын Футбол федерациясынын президенти
Семетей Султанов менен КРнын Билим берүү жана илим министри
Эльвира Сариеванын катышуусунда өткөн иш-чарада кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Эми кызматташтыктын алкагында мектеп окуучуларына 5 миң топ таратылмакчы. Федерация топторду министрликке өткөрүп берет, топторду өлкөдөгү мектептерге таратуу иштерин министрлик моюнга алат. Семетей Султанов белгилегендей, бул белек "One world play project" Эл аралык долбоорунун алкагында тапшырылды. Бул долбоор алкагында дүйнөнүн 90 мамлекетине 1,5 миллион топ таратылган.
Министр Эльвира Сариева өз сөзүндө мектептерде командалык спорт түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп келгенин, бул кадам мектептерде футболду өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөрүн белгиледи.
"Топтор 1-2 апта ичинде толук бөлүштүрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге таратылат. Азырынча бир мектепке бирден же экиден топ тиерин болжоп жатабыз",- деди министр.
Федерациядан белгилешкендей, бул топтор адатта 1 айга жетпей жарылып же айрылып калып жаткан топтордон айырмаланат. Топтордун өзгөчөлүгү жели чыкпаганында жана сырткы бөлүгү таштак майданда, топурак майданда ойнолгонуна карабай оңой менен жыртылбайт.