ФИФА (Эл аралык футбол федерациясы) КРнын Футбол федерациясына Австралия менен болгон оюнга байланыштуу 28 миң доллар айып салган. Бул айып пулдун бир бөлүгү төлөнгөнүн федерация президенти
Семетей Султанов билдирди.
Анын айтымында, бул каражатты жабууну федерация өз моюнуна алган. "Биз эч кимден жардам сураган жокпуз, каражатты федерация өзү төлөйт. Бизге ушул айдын аягына чейин айтылган сумманы төлөөнү буйрушкан. Азырынча бир бөлүгү берилди, эми калганынан кутулмакчыбыз",- деди С.Султанов.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Австралияга каршы оюндагы каталардан улам Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясын 28 миң доллар айыпка жыккан. Анда төмөнкү 3 факт каралган:
- Стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы;
- Трибунада күйүүчү заттын байкалгандыгы;
- Күйөрмандын майданга чуркап чыгуусу.