"Түрмөдөн качуу": Кылмышкерлердин №50-колониядан качып кетүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголду

№50-түзөтүү колониясынан кылмышкерлердин качып кетүүсүнө байланыштуу мекеменин жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши "шалаакылык" беренесинин негизинде козголду. "11-октябрда саат 23:30 чамасында №50-түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар Э.Абдрахманов, Д.Кадыралиев, М.Уринов, Б.Курбанахунов, М.Жумалиев, Т.Жуманов, Б.Кенжегулов жана тергөөгө байланыштуу кармалгандар А.Итибаев, А.Мусуралиев ЖАМКтын 3 кызматкерлерин өлтүрүп, дагы бирин катуу ур-токмокко алып качып кетишкен. Милиция кызматкерлери качып кеткендердин бешөөсүн кармашкан. Учурда прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mars55
2015-10-12 15:14:54
Алтынбек Итибаев дагы бар бекен тан калыштуу бул жагы
0
tynara81
2015-10-12 15:42:00
Жайлары жаннаттан орун алсын. Качып кеткендери тезирээк табылса экен, эч кимге зыяны тие электе..
+2
MAKALAK
2015-10-12 17:26:13
ким куноолу кимди камайт эми начальниктиби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан