Кыргыз футболчулары Бангладешке каршы ак түстөгү форма кийип ойношот

Эртең, 13-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курамасына каршы беттешке чыгышат. Оюн Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында "В" тайпасында өтөт. Бул оюндун алдында командалардын өкүлдөрү катышкан отурумда футболчулар кие турган формалар тандалды. 

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, кыргыз футболчулары оюнга ак түстөгү форма кийип чыгышат. Ал эми бангладештиктер кызыл түстөгү форма менен майданга чыгышат. 

Кошумчалай кетсек, 13-октябрда өтө турган оюнга 19:30да старт берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bektursun2010
2015-10-12 17:26:46
голдорду кутобуз алга кыргызстан.
0
Mars55
2015-10-12 21:30:55
Кубан Атабеков комментатор болсо жакшы болот эле эртенки футболго????
0
Kg_boy91.91
2015-10-13 05:00:10
Ийгилик
Жигиттер
0
Tuke8686
2015-10-13 09:25:04
кудайым куч кубат берсин Омиин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан