Жаза аткаруу кызматы: "Абактан качкан кылмышкерлер үч башка камерада отурушкан"

"Абактан качкан кылмышкерлер үч башка камерада отурушкан. Жалпысынан үч камерада 11 кылмышкер болгон. Ал жерде өмүр бою эркинен ажыратылган эки адам калган". Бул тууралуу ЖАМКтын Оперативдүү режим башкы башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев билдирди.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кылмышкерлердин абактан качуусу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"№50-абак мамлекетибиздин аймагындагы түрмө режиминдеги жалгыз колония болуп саналат. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөсүн десе, кылмышкерлер камерада отурушат. Өлкөдөгү башка абактардын ичинде кылмышкерлер эркин абалда басып жүрүшсө, бул жердегилер камерада отурушчу. Экөө өзүнчө, төртөө өзүнчө отурат. Бир иш боюнча тергөө болсо, бири-бири менен пикир келишпесе, бир камерада отурушпайт. 

Абактан качкан тогуз адамдын жетөөсү өмүр бою эркинен ажыратылгандар, экөөсүнүн иши боюнча тергөө жүрүп жаткан. Тогуз адамдын баары салттуу эмес ислам дининин бир агымын кармангандар, активдүү мүчөсү жана үгүттөөчүлөрү болушкан. Баары диний экстремизм жана терроризм беренелери боюнча кармалгандар. 

Окуя болгон учурда аба ырайынан улам түрмөнүн ичи караңгы болуп турган. Кылмышкерлер түрмөдөгү административдик корпус аркылуу чыгышып, ошол жактагы жарыкты өчүрүшкөн. №50-абакта видеокөзөмөл бар, мобилдик телефондордун иштөөсүнө бөгөт койгон аппарат биринчи ошол абакка орнотулган. Видеого тартылгандар ЖАМКтын борбордук аппаратында жазылып калчу, бирок камералардагы видеону жазып калчу аппараттар эки аптадан бери иштебей турган. Ар кандай жагдайлар чогулуп, ушундай жыйынтык болуп жатат. 

Кызматкерлерди кыйнагандарына караганда, түрдүү себептерди айтып, "ооруп жатам" деп эшикти ачтырышы мүмкүн. Кылмышкерлердин колунан ошол күнү нөөмөттө болгон кызматкерлердин үчөөсү муунтулуп өлтүрүлгөн. Бири муунтулуп, башынан жаракат алып оор абалда жатат. Колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Кызмат учурунда кооптуу жагдайлар болот экен. Жаш кызматкерлерден айрылып жатабыз". 

Абактан качкандар боюнча ар бир версия текшерилип жатканын жана тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн себептери айтылбай турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Asan-aka
2015-10-12 18:48:11
кудаанын жолунда ислам динге кызмат кылгандар да кайран эргулдар
Эн жакшысы алардын уй булосун чогуу турмого тыгыш керек сен качып журо бер оордуна ата-энен олтурсун зек жана зечка болуп деп
+5
Asan-aka
2015-10-12 18:50:12
Кайдасын Сирия кучак жайып тосуп ал уулун баратат сага болушкандыр

Бейиштин эшиги Сирияда да жиндилер учун
+7
Medina87
2015-10-12 19:02:51
Оздору дин жолун тутуна турушуп адам олтурууго кандай диттери барды экен? Кылмышкерлерге оздорун олум жазасына тартуу керек!!
0
Asan-aka
2015-10-12 19:08:02
Medina87, алар деген оозунда Алласы колунда балтасы бар канга боёлгон адамдар
+4
Mongol1155
2015-10-12 19:23:18
Камакты кайтаргандар жардам берген учун качып чыгышты да.Болбосо жон эле чыгып кеткендей бул оорукана эмес да.Жакшылап териштириш керек.
-2
Shat.88
2015-10-12 20:07:27
Айтыш кыйын баары тергоо учурунда билинет.
+1
spinkub
2015-10-13 01:06:18
Оздору да жуздорунон нур кетип шайтан туспол болуп калышыптыр. Сакалдары тозокто орттолсун!
+1
only_progress
2015-10-13 01:29:53
Бул жерде баары алдын ала пландалган.
0
88inara88
2015-10-13 02:06:02
Ушул тууралуу окуган сайын коркуп жатам бей куноо элиме залалы тийбесе экен деп,тезрек эле табылса экен
0
dav312
2015-10-13 03:03:55
омур бою эркинен ажыратылгандарды олтуруп салуудан отору жок деп ойлойм себеби мамлекет аларга кундо сом болуп берет тамак ашына андан коро олум жазасын киргизсе ошолорго кеткен акчаны балдар же карылар уйуно беришсе сооп иш болот деп ойлойм
+1
miraiymka
2015-10-13 03:06:01
Бул иш уюштурулган эле иш экенин эсинен танган адам окуса дагы биле алат ушул эле тема жонундо бир версиясында светти камерадан чыгып очурушу мумкун деп журот ал эми башка версиясында жарым саатка свет очук болчу деп журот.эх вы купились за какие то деньги но вот очень жалко то что умерли невиновные люди!Притом вот не умер тот человек которое работал долгие годы а те 3 человека умерли,Еще и он.Странновато что успели убить троих и еще сбежать.эх вы показали свое безсилие.
+2
raia
2015-10-13 07:38:57
Буларды камактан качкан деп ким ойлойт,култуйуп семиришкенин кара демек багуу жакшы,курсак ток кайгы жок.Жуздорундо деле адамдык жуз жок.Башка качкандар кармалбаса канчалаган бей куноо адамдарга залалы тийгизбесе болду...
0
Arslan12
2015-10-13 10:12:47
Сакалын сайда калгырлар десе, кармап туруп ХХХ ХХХ ХХХ бекер пайдасы жок ХХХ
+2
admin_portal
2015-10-13 11:20:44
Arslan12 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
emilbek1
2015-10-13 10:15:56
Чыккынчылар
+1
tabyshmak
2015-10-13 10:41:34
Аппараттардын эки аптадан бери иштебей турганына кайдыгер карап, кызматтык милдеттерине шалаакылык м-н мамиле жасаган мекеме кызматкерлеринин тийиштуулорун жоопко тартуу керек. Тиги муунтулуп, олтурулгондор жаны чыкканга чейин кандай азапта болгонун, кыйналганын элестетип коргулочу...
0
alina79
2015-10-13 11:56:21
Бул акмактарды чочкодой кылып семиртип бакпай,уулуу адамдын омуруно зыяны тийген,кен чыккан м:уран чыккан жерлерде ууланып олгонго чейин иштетиш керек!Анан дагы камера слежение 2жумадан бери иштебей жаткан дегени абдан кызык экен?Ошончодон бери текшербей эшек такалап журушобу,тем более алар по жизненно заключенные болсо,кундо смена алмашканда текшерип турушпайбы?Бул турмо жетекчилигинин шалакылыгы буларды кошо жоопко тартыш керек!Оой эмнесин айтайын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан