Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладешке каршы турушат. Бул беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтөт жана беттешке 19:30да старт берилет. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул беттешти бахрейндик калыстар тейлешет. Башкы калыстык милдетти 42 жаштагы Жамил Жума Абдулхусин аркаласа, майдандын эки капталында ага мекендештери Ясер Тулефат менен Мохамед Салман көмөктөшөт.