Учурда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо кыргыз футболчулары менен Бангладеш курамасы өз ара кез келүүдө. Эсеп дагы да болсо кыргыз футболчуларынын пайдасына 1:0. Беттеш комиссары болуп дайындалган кытайлык
Хуанг Сонгдун эсеби боюнча, учурда стадиондо 12 миң күйөрман оюнга жандуу күбө болууда.
Кошумчалай кетсек, 8-октябрда орун алган Кыргыз Республикасы - Тажикстан беттешинде стадионго 17 600 көрүүчү келген.