УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Ички иштер министрлигинин кызматкеринин алдамчылык фактысын аныктады. Бул тууралуу 13-октябрда УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 2011-жылдын март айында ИИМдин борбордук аппаратынын бөлүм башчысы
Д.Р. "биргелешкен бизнес жүргүзөбүз" деп алдамчылык жолу менен Ч.М. аттуу жарандын 3 миллион 325 миң сом акчасын алган. Жыйынтыгында Ч.М. ири көлөмдө зыянга учураган.
Бул факт боюнча ИИМ кызматкерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.