"Е" тайпасында орун алчу оюндардын ичинен Сирия курамасы Ооганстан курамасы менен беттешет. Беттеш Сириядагы согушка байланыштуу Омандын Маскат шаарында өтмөкчү. Бул оюнду кыргыз калыстары тейлешет. Башкы калыстык милдетти Дмитрий Машенцев аткарса, ага Сергей Грищенко жана Бахадыр Кочкаров көмөктөшөт. Ал эми кошумча калыстын милдетин Рысбек Шекербеков аркалайт.