Ысык-Көл ОИИБи: "Чоң-Сары-Ойдо 6 жашар кызды зордуктаган Нурланды анын досу Анарбек карап турган"

"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында 6 жашар кызды зордуктаган адамды анын досу карап турган". Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Гүлгаакы аттуу келин кайрылган. Ал 1978-жылы туулган Азат аттуу жолдошу менен Чоң-Сары-Ой айылында жашаганын айтты. "11-октябрда саат 20:00 чамасында жубайлардын 1981-жылы туулган Нурлан аттуу кошунасы келип, аларды Чоң-Сары-Ой айылынын түндүк тарабында жайгашкан кашарга алып барган. Кашарда аларды Анарбек аттуу Нурландын досу күтүп турган. Балдар күч колдонушуп, келиндин жолдошу Азатты сабап, кыйнап оозуна арак куюп, Гүлгаакыны зордуктоого аракет жасашкан. Азат балдар менен мушташып, аялы экөө качып кетишкен. Нурлан менен Анарбек аркасынан кууп жетпей, жубайлардын үйүнө барышканда, үйдө 6 жашар кызы жалгыз отурган. Балдар кызды талаага алып барып, Нурлан аны зордуктаган, ал эми Анарбек карап турган",- деп билдиришти милиция кызматкерлери.

"Бул факт боюнча "жашына жете элек адамды зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Биологиялык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү Нурлан жана Анарбек убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда",- деп кошумчалашты облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
aytkulova
2015-10-13 14:48:52
Педофилдер кобойгондон кобойуп бара жатат го. Дагы бир секелек кыздын тагдыры талкаланды. Анын мындан кийинки жашоосу кандай болот?! Педофилдерге катуу жаза колдонуш керек, алар турмодон чыккандан кийин да коомго коркунучтуу.
+3
Erika76
2015-10-13 15:51:07
Ушуга окшогондорду атууга Окум чыгарса мен ыраазы элем
+2
Arzu.kg
2015-10-13 15:58:19
Олум же таш баран!!! Мындан башка арга калбады айбандарга
+3
Samina007
2015-10-13 17:28:59
акмактарды уже жөн койбойт тордун ары жагында минимум аларга өлум болот а максимум ващще хуже.жаш бала же кары аялды зордуктаса,чабылып,сынып жок болот.Негизги жааш кызга жалко болду морально-психический жакынан
+2
gutler
2015-10-13 17:44:37
Оф, бу кыргыздын эркектери эмне болуп жатат.Ыйман, инсап деген кайда калды. Ушул периштедей болгон кичнекей кызды зордуктаганча ыштанынардын ычкырына муунуп албайсынарбы. Бул баардык эркектерге эмес, педофилдерге каргыш,наалат.
+1
Alixan-Nookat.2015
2015-10-13 19:28:17
Шайлоо алдында талап койуш керек эле жаш балдарды зордуктап кордук коргозгондорго олум жазасын киргизууну. Бул боюнча катуу жаза колдонбосо токтобойт кылмышкер коркуш керек кой откондо кичинекей кызды зордуган адамга сот элдер таш баранга салып олтурсун кылмышкерди же асып олтурулсун же кесип салсын деген окумун чыгарган деп укканда кылмышкердин журогу зырп деп коркуш керек ошондо токтойт.
+1
ZANIA-92
2015-10-13 20:23:37
Куйоосун каратып туруп аялын зордуктамак ойлору ишке ашпай калып кызына кол салышкан тура айбандар, мындайларга олум же болбосо бычуу керек. Чын айтасынар эмне кылат мындай зоокурлорду мамлекет багып.
+1
MAKALAK
2015-10-13 21:33:51
эмне дейбиз качан токтойт бул нерсе чондордун бироосу жооп береби ушул суроого мени ишке алгылачы бычып берейин педиктерди
+1
UsenovaAizada
2015-10-13 21:47:22
Байкуш наристеде эмне куноо (((
+1
Nur0701
2015-10-13 22:11:34
жараткан жазасын бере кор!
+1
nura.177
2015-10-14 00:55:39
Журок оорута турган эле окуялар ,окунучтуу ыйман,ынсап кетип элибизден. Соз жок
+1
gulnur.narmatova
2015-10-14 01:33:09
Буларды бычып салыш керек чекеден
+1
Mirona
2015-10-14 14:00:43
Ujas(( Kayaka baratat el? Kachan bularga jestokyi jaza kirgizishet? 10kulunun bir kulu achyla elek baldar go bular(
0
aiko88.10
2015-10-16 00:24:46
Мындай зоокурлорго олум жазасы да аздык кылат. Оной эле олуп калбайбы...баарынан жакшысы, бычып салуу керек!
0
Bakush22
2015-10-16 06:49:12
Ата энеси деле жетишпеген немелер го саат сегиз болсо, кашарга эмне бар кызын жалгыз таштап уйго? Илгери коркот кой деп туалетке жалгыз чыгарчу эмес эле азыр таштап койуп кааласа Москвага кете берише турган болду, балеенин баары шалаакы ата энелердин айынан да болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан