Ысык-Атадан киши колдуу болгон 75 жаштагы пенсионер аялдын жансыз денеси табылып, ага 20 жаштагы жигит күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу 13-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Ысык-Ата РИИБине райондун Жетиген айылынын Коңурбай көчөсүндөгү адам өлүмү боюнча чалуу түшкөн. РИИБдин ыкчам иликтөө тобу аталган жайга барып, ал жердеги үйлөрдүн биринин кире беришинен киши колдуу болгон 65-75 жаштар чамасындагы аялдын жансыз денесин тапкан. Тактоо иштеринин натыйжасында аялдын өздүгү аныкталып, ал 1940-жылы туулган Ч.Айнаке аттуу жаран экени белгилүү болду. Ал бир ай мурун бала кезинде бирге жашаган Д.Нина аттуу жакынынын үйүнө конокко келген экен.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, экспертизалык топ дайындалган. Издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары аталган айылдын 1995-жылы туулган И.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.