12-октябрда Ош шаарындагы “Датка” соода борборунун аймагындагы кичинекей үйдөн 1973-жылы туулган Кытай Эл Республикасынын жараны Йао Янысанын жансыз денеси табылган. Милиция анын кордук менен өлтүрүлгөнүн, моюнунда жана башында бычак издери калганын аныктаган.
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, маркум жолдошу менен бирге базарда соода-сатык менен алектенип келген. Белгилүү болгондой, окуя катталган күнү анын жолдошу Бишкекте болчу.
Маалым болгондой, бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, соода борборунда маркум менен тааныш болгондор суракка алынышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 27 жаштагы анын мекендеши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын аталган соода борборунда иштеп, аял менен кошуна жашаганы аныкталды. “Ал бул кылмышты жасаганын моюнуна алды. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп жазылат маалыматта.