Учурда кыргыз футболчуларына каршы беттешке чыгуучу Бангладеш курамасы Дөлөн Өмүрзаков стадионуна кирип келди. Автобустан түшүп, оюн талаасы тарапка бет алышкан футболчулар алгач формаларын алмаштырып, андан соң атайын машыгуу өткөрүшөт. Ал эми кыргыз курамасы стадиондо болгону менен, азырынча оюн талаасына чыга элек.