Бүгүн, 13-октябрда кыргыз футболчулары Бангладеш курамасын кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп алышты. Голдорду Ильдар Амиров менен Виталий Люкс киргизди.
Бул оюндун башкы курамында бир топ өзгөрүү болгонун буга чейин жазганбыз. Анда Дениэл Тегонун ордуна Тамирлан Козубаевдин чыкканы көпчүлүк үчүн жаңылык болгон. Муну башкы машыктыруучу Александр Крестинин төмөнкүчө түшүндүрдү: “Дениэл Тего бул оюнга жаракатынан улам чыга албай калды. Бул улуттук курам экенин эске алып, анын ордун татыктуу ээлей турган оюнчу катары Тамирланды майданга чыгарганбыз. Анын оюну купулума толду”.
Калган орун алмашуулар боюнча айтсак, Тажикстан менен оюнга чыкпай калган Валерий Кичин өз ордуна кайрадан кайтып келгени күтүлгөн эле окуя болду. Ал эми Павел Сидоренконун негизги курамда чыкканы Бактияр Дүйшөбековдун сары айып кагазынан улам бул оюнга чыга албаганы менен байланыштуу болду.