Кыргыз футболчулары тандоо турунда эми Иордания, Австралия жана Тажикстан курамалары менен бирден оюн ойношот

13-октябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында 6-тур оюндары орун алды. Бул күнү Иордания курамасы Тажикстанды 3:0 эсебинде утса, кыргыз футболчулары Бангладешти 2:0 эсебинде утушту. Дүйнө чемпиондугуна жана Азия чемпиондугуна жолдомо алуу аракетин көрүп жаткан курамалар тайпада дагы үчтөн оюн өткөрүшөт. 

Кыргыз футболчулары тандоо турунда эми Иордания, Австралия жана Тажикстан курамалары менен ойношот.  

12-ноябрь, 2015-жыл  

Австралия – Кыргыз Республикасы (конокто)

Тажикстан - Бангладеш

17-ноябрь

Бангладеш - Австралия

Кыргыз Республикасы - Иордания (Бишкекте)

24-март, 2016-жыл       

Иордания - Бангладеш

Австралия - Тажикстан

29-март, 2016-жыл       

Тажикстан – Кыргыз Республикасы (конокто)

Австралия - Иордания 

Командалар бештен оюн өткөргөндөн кийин мелдеш жадыбалында абал төмөнкүдөй:

Алдыдагы 3 оюнда жадыбал дагы кандай өзгөрөт жана ал өзгөрүү кыргыз футболчуларынын пайдасына болобу, азырынча белгисиз. Негизи, Азия чемпиондугуна жана Дүйнө чемпиондугуна күрөштү улантуу үчүн командабыз тайпада 1-орунду же 2-орунду ээлегенге тийиш.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
atai9292
2015-10-14 01:30:44
Анда командабызга ийгилик каалап кетели баарын талкаласынчы Кудайдан колдоо болуп
+11
Decmond
2015-10-14 04:14:07
atai9292,
Таджиктерди биринчи каккылачы!!!
+3
osh93
2015-10-14 02:51:35
2018-Россиядагы, дуйнолук чемпионаттан кутом! КЫРГЫЗСТАН
+6
shailoo2015
2015-10-14 08:46:57
Кудайга шугур ушунчалыгына Алга Кыргыз
+4
warsaw.
2015-10-14 09:09:02
биздикилер кечээ жакшы ойношту,Тажиктер менен да ушундай ойногондо жөн эле утушат эле.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан