Ошто 29-октябрда боло турган Шаар күнүн жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаар мэриясы тарабынан даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу 14-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Майрам күнү шаардын борбордук аянтында театрлаштырылган концерттик программа, “Боорсок” фестивалы, кийимдердин көргөзмөсү, А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо улуттук оюндар жана белгилүү ырчы, бийчилердин катышуусунда чоң шоу-концерт тартууланат. Мындан сырткары Шаар күнүнө карата жаңы курулган бир катар социалдык объектилердин, курулуштардын ачылышы болот.
Борбордук аянтта өтүүчү театрлаштырылган концерттин катышуучулары 8-октябрдан
тартып даярданышууда. Эскерте кетсек, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоого байланыштуу 5-октябрь - Ош
шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөө 29-октябрга жылдырылган.