Ошто эстакадалык көпүрөнү куруучулар күнү-түнү иштешүүдө

Ош шаарында эстакадалык көпүрөнү куруу иштери күнү-түнү, тагыраак айтканда, 24 саат бою жүрүүдө. Мэриянын билдиришинче, учурда көпүрөгө асфальт төшөлүп, тийиштүү түркүк, тосмолор бекемделип жатат. Мындан тышкары кошумча Мажүрүм тал, Өзгөн көчөлөрү асфальт төшөөгө даярдалып, жөө адамдар өтүүчү тилкелерди куруу аракеттери көрүлүп жатканы айтылат маалыматта. Көпүрөнү жээктете жарыктандыруу системи орнотулуп бүткөнү, 50 атайын техника, 250 жумушчу күнү-түнү иштеп жатканы маалымдалды. 
Эскерте кетсек, көпүрөнүн курулушун октябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
guzel_
2015-10-14 13:20:35
Ушул копуронун кимге кереги бар эле.андан коро жумуш орундарын ачпайбы кок мээлер


0
Nendi15
2015-10-14 13:25:23
Тоок ..... келгенде какылыктайт деп жайында акырын иштешип эми шаар кунуно шашылып иштетип жатышатда...
+4
manas93kg
2015-10-14 14:47:59
Алдабай эле койгулачы ха ха
0
KyrgyzKagan
2015-10-14 15:26:11
50 техника деп алдап коюшпадыбы? 50техниканы катары менен тизсен копуронун озуно батпайтго? Же араба кетмен курокторун кошуп эсептештиби?
+2
Aviator
2015-10-14 15:36:09
KyrgyzKagan, ха ха ха.
-1
pirim77
2015-10-14 15:29:17
. Копуро бутуудо. асфальтталып анан тунку жарык берилди. жол тыгыны азаят. копуро кимге кереги бар эле дегенди мурунку манкага бергиле. баштап жеп чычып катчып кеткен дагы жакшы бутуруп жатышат азыркылар
-4
nura.177
2015-10-15 01:32:58
pirim77, анын проектиси бча тушкон жок копурмо ,ошол Мырзакматовдун иштегени учун шаар жаныланды, сен билбесен эл билет ал кишинин иштегенин. Жеседа татыктуу иштеди ,жебеген жердин тубундо дейт.
0
Sandrana
2015-10-14 16:49:28
Апеей Азыркы адамдар жонокой копуро менен Эстекадалык копуронун айырмасын билбейби эмне?Эстекадалык копуро деп атасак ушул копурону башка элдерге баарына уят болбойбузбу деп кыжаалат боломун жон эле "Жаны Копуро"деп эле атап койушпаптырда адамды уят кылбай ))))
+2
kyrghyzstan1989
2015-10-14 23:32:50
Бутуп жатканына шугур деличи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан