15-октябрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин колдоо максатында атайын форум өтөт. Аталган иш-чараны уюштуруп жаткандардын билдиришинче, форумда эл аралык донордук уюмдун өкүлү Татьяна Буйновская өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ошондой эле ата-энелер кайсы тармакта иш алып барышса боло тургандыгы боюнча маселе талкууга коюлат. Форумдун алкагында алар үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Ал эми ата-энелери жумушта болгон учурда балдарын реабилитациялык борборлорго алып барып туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.