Нарын шаарынын 6,75 чакырым жолундагы оңдоо иштерин 20-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда

Быйыл Нарын облусунун жолдорун оңдоого республикалык бюджеттен 300,0 миллион сомго чукул акча каражаты каралган. Анын ичинде 24,2 чакырым жолго асфальт-бетон төшөөгө 141,9 миллион сом, 5,3 чакырым жолго кара шагыл төгүүгө 15,8 миллион сом, 5 чакырым жолго талкаланган майда таш менен битум аралаштырып төшөөгө 3,0 миллион сом, 29 чакырым жолго шагыл төгүүгө 10,2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшө кызы Айнура билдирди.

Маалыматка караганда, титулдук тизмеден тышкары облустук борборлордун жана облустардын чоң шаарларынын көчөлөрүн оңдоо боюнча кирген Нарын шаарынын 6,75 чакырым жолуна асфальт төшөлүп жатат. Каралган сумма 58 миллион 697 080 сомду түздү. Быйылкы жылдын 20-октябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Ал эми Кочкор айылынын 2,5 чакырым жолуна асфальт-бетон төшөө иштери жума ичинде аяктайт. Буга 15 миллион 469 785 сом каралган.

Нарын облусу боюнча 3400 чакырымдан ашык унаа жолу бар. Тактап айтканда, эл аралык маанидеги жолдордун узундугу - 518 чакырым, мамлекеттик маанидеги жолдор – 1600,14 чакырым, жергиликтүү маанидеги жолдор – 1310,6 чакырым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан