Бүгүн, 14-октябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде "Биз эмчек рагын жеңебиз!" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чара
"Күлгүн октябрь" акциясынын алкагында өтүүдө. Ага 2014-2015-жылдары эмчек рагынан сакайып кеткен онго жакын айымдын сүрөттөрү коюлган. Көргөзмөнүн алкагында бардык каалоочулар өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, эмчек рагына кабылуу коркунучунун алдын алуу боюнча адистерден кеңеш алышты. Фотокөргөзмөнүн максаты онкологиялык ооруга кабылгандарга колдоо көрсөтүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Иш-чара 2 күнгө созулат.