№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкерлердин сөөгү жерге берилди

№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Таалайбек Өмүрзаковдун сөөгүн жерге берүү зыйнаты өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. 

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, кесиптештери катышышты. ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Энтериев Т.Өмүрзаковдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 50 миң сом берди.
Мындан сырткары Балыкчы шаарында Туратбек Садыбакасовдун жана Ак-Талаа районунда Орозбек уулу Фархаттын сөөгү жерге берилди.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
anjela500
2015-10-14 16:57:20
Ай байкуш олдун очтун балдарынын эле шору
0
Akabai
2015-10-14 16:58:29
Жаткан жерлери жайлуу болсун
0
AFFANCULO
2015-10-14 17:10:11
Бейиштери болсун,байкуш энелер ай,жетим калган балдар ай!!
0
Bekchoro
2015-10-14 17:13:16
Жаткан жерлери жайлуу, барган жерлери бейиш болсун билип-билбей кылган куноолорун Аллахым озу кечирсин. Жубайы балдарына сабыр узун омур берсин.
+5
Ainagula
2015-10-14 17:14:56
Жаткан ери жайлуу болсун. Окунучтуу
+1
BRILIANTTKA
2015-10-14 17:40:03
Өкүнүчтүү...
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Маңдайга жазганы ушул экен да...
+1
kyrghyzstan1989
2015-10-14 23:25:59
Жаткан жери жайлуу болсун Оомийин
+2
Ayperi94
2015-10-15 01:54:21
Эл жерин коргойм дем каза болушту! Баатырлардын билип билбей жасаган куноолору кечирилсин, уй-булосуно САБЫР тилейбиз.
+1
Sandrana
2015-10-15 16:21:33
5 ну тутуп алышыптырго аларга кандай жаза колдоноор экен эми?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан