Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаменти аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга ашууларга чыгардан мурун жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин эскертет. Максат - трассада унаа тыгындарынын алдын алуу. Департамент айдоочулардын жанында сөзсүз жол тайгакта дөңгөлөккө орой турган чынжырлар болушу керектигин маалымдады.
Акыркы жааган кардын айынан Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Бишкек-Нарын-Торугарт трассасындагы Долон, Талас-Тараз-Суусамыр жолундагы Өтмөк ашуусунда жолдор тайгак болуп жатканы айтылды.