Кыргыз мамлекетинде эмчек рагына чалдыккан адамдардын 5 пайызын эркектер түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда "Биз эмчек рагын жеңебиз!" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында “Эргене” коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова билдирди. Анын айтымында, эмчектин залалдуу шишиги бир гана айымдарга тиешелүү эмес.
“Былтыр рак илдетине кабылгандыгы аныкталган адамдардын саны 6 миң болсо, алардын 552си эмчектин залалдуу шишиги менен оорушкан. Ал эми алардын 87си өтө кеч кайрылып, илдети акыркы стадиясына жетип калган. 2013-жылы 613 адам эмчек рагына чалдыкканы аныкталган.
Негизи, адамдар “рак менен ооруйт экен” десе эле “болду, ал өлөт экен” деп ойлошот. Бул андай эмес. Көптөгөн дары-дармектер жана процедуралар айыгып кетүүгө жардам берет. Мен 18 жаштан өткөн адамдарга эмчегин өз алдынча карап текшерүүнү сунуштаар элем. Ал эми 40 жаштан өткөндөн кийин сөзсүз маммограф деген атайын аппараттан текшерүүдөн өтүү зарыл”,- дейт адис.