Футбол боюнча 2016-жылы Францияда өтүүчү Европа чемпиондугунун тандоо туру аяктоо алдында турат. Учурда мелдештин финалдык баскычына чыга турган 24 команданын 20сы белгилүү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалдык баскычка тандоо турундагы 9 тайпанын лидерлери жана 2-орунду ээлеген 9 команда, үй ээси Франция жана 3-орунду ээлеген командалардын ичинен мыкты жыйынтык менен Түркия курама командасы чыкты.
Төмөнкү 20 кураманы Европа биринчилигинде көрөбүз:
Франция (үй ээси), Англия, Чехия, Исландия, Австрия, Португалия, Түндүк Ирландия, Швейцария, Испания, Италия, Бельгия, Уэльс, Албания, Румыния, Германия, Польша, Орусия, Словакия, Хорватия жана Түркия.
Тайпаларда 3-орунду ээлеген төмөнкү 8 команда чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүлүп, атаандаштар экиден оюн өткөрүшөт. Чүчү кулак 18-октябрда ташталат, оюндар болсо ноябрь айында өтөт. Өз атаандаштарын жеңип чыккан 4 команда Европа биринчилигине чыгат.
Чүчү кулакты күтүп жаткан 8 команда:
Швеция, Босния жана Герцеговина, Украина, Ирландия, Словения, Венгрия, Норвегия жана Дания.
Кошумчалай кетсек, мурунку жылдагылардан айырмаланып бул жолу Европа биринчилигине 24 команда катышат. Тандоо турунун башкы окуясы Голландия курама командасынын кийинки баскычка чыга албаганы болду.