Бишкек шаарынын волейбол курамасы Жалал-Абадда өтүп жаткан 7-Республикалык Спартакиадада 1-орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер жана уландар арасында чечүүчү оюндар 14-октябрда өттү. Жыйынтыгында уландар арасында Бишкек шаарынын курамасы 1-орунду, Ош шаарынын командасы 2-орунду ээледи. Ал эми Баткен курамасы Нарынды утуп, 3-орунду багындырды.
Кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында Бишкек шаарынын курамасы Ош облусунун курамасын кабыл алып, 3:0 эсебинде утту. Ал эми 3-орун үчүн беттеште нарындыктар Жалал-Абад облусунун командасына утулушту.
14-октябрда катталган жыйынтыктар:
Уландар. Финал
Бишкек - Ош — 3:0
3-орун үчүн оюн
Нарын облусу - Баткен облусу — 0:3
Кыз-келиндер. Финал
Бишкек шаары - Ош облусу — 3:0
3-орун үчүн оюн
Жалал-Абад облусу - Нарын облусу — 3:0
Кошумчалай кетсек, Спартакиаданын алкагында футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, самбо, дзюдо, шахмат, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу 13 спорт түрүнөн медалдар ойнотулууда.