Бишкек шаарында 1989-жылы туулган Айгүл Таштанбекова аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу быйылкы жылдын 15-январынан бери кызын таппай жүргөн Чачыкей Садыкова кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы кыз Никитина-16 дарегинен агасына таарынып чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Анын боюнун узундугу 168 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү кара, чачы кыска, кара өңдө. Сол колунда тырмактай болгон калы бар.
Эгер А.Таштанбекова боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Айгүлдүн апасы Чачыкей Садыковага (0552) 41-72-20 телефон номери аркылуу кайрылуу керек.
Эскерте кетсек, Чачыкей Садыкова
"Сезим" кризистик борбору кызымды жашырып, кабарын билдирбей жатат" деп 10-октябрда
SUPER.KG'ге
кайрылган болчу.