КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев журналисттер менен болгон жолугушууда өлкөдө медицина кызматкерлеринин жетишпестиги курч маселе бойдон калганын айтты. Ошондой эле башкы көйгөй кадрлардын аймактарда иштөөдөн баш тартканында экенин белгиледи.
"Айрым райондордо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү медицина кызматкерлери үчүн шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатышат. Мисалы, Исфананын акими жаш адистерди жумушка тартуу үчүн аларды турак жай менен камсыз кылуу жолдорун издеген. Албетте, башкы маселелердин бири - бул эмгек акы. Алардын айлык акысы аз болгондуктан иштегиси келишпейт",- деди министр.