Бүгүн, 15-октябрда Бишкек мэриясы өткөргөн жыйында социалдык коргоого муктаж балдардын көйгөйү талкууланды. Жыйында ата-энесиз, социалдык коргоого муктаж өспүрүмдөрдүн, көчөлөрдө кайыр сурап жүргөн, үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көргөн балдарды коргоо маселеси, жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулук көйгөйү тууралуу пикир алышуу болду. Жыйынтыгында тийиштүү органдарга ар түрдүү себептер менен мектепке барбаган балдарды окууга тартуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга күбөлүк алып берүүнү жолго коюу тапшырмалары берилди.