Өлкөдө миңге жакын мектепте таза суу чыгарылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 1150 мектептин ичинде суу чыгарылган. Ал эми калгандарында көчөдөн суу ташып келип колдорун жуушат.
“Эгерде окуучу таза суу менен тиешелүү деңгээлде камсыз болбосо, аны гигиенаны сактоо боюнча көнүмдөргө үйрөтүү да жеңил эмес экен. Мындан улам биз донорлорду таап, алардын жардамы менен мектептердин ичине суу чыгарып, кол жуугучтарды орнотуп жатабыз”,- деди орун басар.
Айта кетсек,
бүгүн Билим берүү министрлигинин жана ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун өкүлдөрү Бүткүл
дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата Чүй облусунун Сокулук районундагы Жал
айылында жайгашкан
Р.Мамыралиев атындагы орто мектепке барып келишти. Коноктор
окуучуларга ачык сабак өтүп, жаңы орнотулган кол жуугучтарды балдар кандай
колдонуп жатканын көрүп кетишти.