13-октябрда Грецияда ардагерлер арасында күрөштүн түрлөрү боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугу старт алган. Бул мелдеште кыргыз спортчуларынан Чынарбек Изабековду ийгилик коштоп, 85 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыргыз спортчусу ардагерлер арасында “С” категориясына бөлүнгөн. Бул категорияда жалпысынан 15 спортчу күрөшкөн. Жарым финалда ал орусиялык Георгий Петровду утса (2:1 эсебинде), финалда ирандык Салехи Резаны утуп алды (4:2).