Бишкекте 11 миң үй-бүлө текшерилип, 34 үйдө балдарга зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталды

Бишкекте 11 миң үй-бүлө текшерүүгө алынып, 34 үйдө балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, борбордо жашоонун оор кырдаалына туш келген балдарга арналган тегерек стол өттү. Анын жүрүшүндө катышуучулар бул жаатта аткарылган жумуштарды белгилешти. Вице-мэр Айгүл Рыскулованын айтымында, балдарга карата жасалган зомбулук фактылары боюнча учурда ыкчам чара көрүү кызматтары иштөөдө. Мындан тышкары Балдарга жардам берүү борборлору менен жергиликтүү администрацияларда ишеним телефондору бар. Иш-чаранын жыйынтыгы менен 2015-2016-жылдарга карата Бишкек мэриясынын балдарды коргоо боюнча планына тиешелүү сунуштар иштелип чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-10-15 16:00:18
1000 ден 34 десе ишенимдуу болор беле? Себеби:Кун сайын эле зомбулук.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан