Азербайжандын бал сүйүүчүлөрү кыргыз балын издеп алышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-октябрдан 30-октябрга чейин Азербайжандын Баку шаарында бал жана аары багуу чарбачылыгынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Анда кыргыз жергесинен алынып келинген "Ат-Башы", "Ысык-Көл", "Токтогул тоо балы" жана башка балдын түрү сатылууда. Ал эми кечээ, 14-октябрда жарманкеге КРнын Азербайжандагы элчиси А.Буранов келип, уюштуруучулар менен маектешип кетти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз балынын сапаты жөнүндө сөз болуп, анда эки ирет (2013-жылы Украинада жана 2015-жылы Түштүк Кореяда) дүйнөдөгү эң мыкты бал деп табылгандыгы белгиленди. Мындан улам Бакуда кыргыз балы популярдуулукка ээ болуп, бүгүнкү күндө атайын кыргыздардын балын алуу үчүн жарманкеге келген кардарлар көп экени айтылды.