17-19-октябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

17-19-октябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, бул күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MIRAN
2015-10-15 17:33:05
Бир гана Аллах билет эмне болушун!
0
able179110
2015-10-15 17:40:56
Болжолдоп жатышатда
+2
AiBoru
2015-10-15 20:23:18
Быйыл кыш катуу болот, температура 15инен кийин кескин томондойт дешти эле, ошондой болот экен да
0
kg.almasveek
2015-10-16 14:42:27
Алланын айтканы болот бирок, кудай да сактанганды сактайм дегендей даярдык коруп койгон жакшы го )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан