Легендарлуу футболчу Рауль Гонсалес ноябрь айында карьерасын жыйынтыктайт

Мадриддик "Реал" клубунун жана Испания курамасынын мурунку чабуулчусу Рауль Гонсалес ноябрь айында карьерасын жыйыштырат. 38 жаштагы футболчу учурда АКШнын Лигасында "Нью-Йорк Космос" командасынын курамында ойноп жатат. Ноябрь айында сезон аяктаган соң футболчу карьерасын расмий түрдө жыйынтыктайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, футболчу мындай чечимди кабыл алганын бар күчү менен машыгуу, ойноо кыйын болуп жатканы жана эми үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бура турганы менен түшүндүрөт. 

Кошумчалай кетсек, Рауль "Реалдын" курамында 6 ирет Испания чемпиону, 4 ирет Суперкубок ээси аталып, 3 ирет Чемпиондор Лигасын уткан. "Реалдын" курамында 323 гол жаратса, Испания курамасынын курамында 44 ирет айырмаланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Titi
2015-10-16 11:53:30
Эх,Раульдун ойногонун коруп чонойдум. Эн мыкты оюнчу эле убагында.Ийгилик каалайм
+1
Kunbeken
2015-10-16 17:51:38
Сонун футьболчу, мунун оордун К. Роналдо басат жана ашат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан