Бүгүн, 18-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 17-турунда "Абдыш-Ата" клубу Оштун "Алай" клубун кабыл алды. Беттеш кызуу башталып, үй ээлери бир топ чабуул уюштурушту.
Алгачкы тайм 0:0 эсебинде аяктап, командалар эс алууга тең эсепте чыгышты. 2-таймдын башталышында Эрнест Седько жаракат алып, дарыгерлер майдандан алып чыгып кетишти. Ага карата орой ойноду деген себеп менен калыс "Абдыш-Атанын" оюнчусу Фархат Мусабековго кызыл айып кагазын көргөздү. Бул окуядан кийин канттыктардын майданда 10 кишиси калды. Бул учурдан пайдаланган "Алай" командасы удаасы менен 2 гол жаратты. Голдорду команданын башкы бомбардири Алиа Силла киргизди.
Жыйынтыгында Оштун клубу бул жолу да 3 упайга ээ болуп, чемпиондукка карай ишенимдүү бара жатат.
Мелдеш жадыбалы:
*
