Канттагы оюнда "Алайдын" оюнчусу Эрнест Седьконун буту чорт сынды

Кечээ, 18-октябрда өлкө чемпиондугунда канттык "Абдыш-Ата" менен оштук "Алай" клубу ойноду. Беттеш 0:2 эсебинде "Алайдын" жеңиши менен аяктады. Голдорду команданын башкы бомбардири Алиа Силла киргизди. 
Бул беттештин 2-таймында "Алайдын" чабуулчусу Эрнест Седько менен "Абдыш-Атанын" оюнчусу Фархат Мусабеков кагылышып кетишти. Бул окуяда Э.Седьконун буту кыр сөөгүнөн чорт сынды. Беттеш калысы Фархат Мусабековго кызыл айып кагазын көргөзүү менен оюндан четтетти. Ал эми жабыр тарткан футболчуну дарыгерлер ооруканага алып кетишти. 
Жакында дал ушундай жаракатка англиялык "Манчестер Юнайтеддин" оюнчусу Люк Шоу кабылган. Анын дарылануусуна 10 ай кетери кабарланып, кийин футболчуга операция жасалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mahabbat
2015-10-19 11:30:30
Ай ий байкуш...
+4
tynara81
2015-10-19 11:57:29
Иий,жаман эле болуптур го. Зыркырап кетти денем. Эртерээк айыгып кетсин байкуш.
+4
EdikoKG
2015-10-19 12:19:08
Охх бл. Жаман болуптур. Денем зыркырап эле кетти. Айыгып кетсин тезираак
+3
Zarema94
2015-10-19 14:05:26
Шыпаасын берсин!
+2
nuriyaeljan
2015-10-19 17:16:38
жаман болуптур ээ эми ичине темир коет кайра алат азап да азап
0
FCMUKG
2015-10-19 20:32:46
Ehh.Lyuk Show strawnyi ele tramva aldy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан