Бишкекте маршруттук таксиде уурулук кылган шаар тургуну колго түштү

Бишкекте маршруттук таксиде уурулук кылган шаар тургуну колго түштү. Муну бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, Токмок шаарынын А.Бектур аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, 15-октябрь күнү саат 23:30 чамасында Бишкектин Чүй жана Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксиден белгисиз адамдар анын “Сони” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. 

Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы О.А. аттуу тургунун колго түшүрүшкөн. Иликтөө иштери уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Medina87
2015-10-19 12:06:40
Уурунун кармалганы жакшы,жазасын алсын.
+3
EdikoKG
2015-10-19 12:15:05
Мындай уурулар группалап журушот. Жалгыз эмес.
+2
sagyn91
2015-10-19 12:17:11
Колдун кесиш кк
+3
orhidea
2015-10-19 14:42:05
бетин коргобойбу. Балким, башка телефон жоготкон адамдар дагы таанып калышаар.
+1
sabyr86
2015-10-19 15:03:02
Мындайлар көбөйүп кетти.
+1
zhykyo
2015-10-19 22:08:22
Колу туткак О.А . десе буга чейин далайды сыздатсан керек эээээ
+1
Bakush22
2015-10-19 23:21:22
опкосун узгуло мындайлардын!! менда жаны студент болуп келгенимде тлф уурдатып канча кун ыйлагам)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан