18-октябрга караган түнү АКШнын Нью-Йорк шаарында казак мушкери Геннадий Головкин кезектеги беттешин өткөрдү. Ал IBF версиясы боюнча (Эл аралык бокс федерациясы) чемпиондук курдун ээси канадалык Давид Лемье менен беттешип, 8-раундда техникалык нокаут менен утту. Муну менен Головкин 72,6 килограмм салмакта 4 чемпиондук курдун ээси болуп калды.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, ал буга чейин WBA (Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы), IBO (Эл аралык бокс уюму) жана WBC (Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши) версиялары боюнча чемпион болуп келген.
33 жаштагы мушкер карьерасында 34 ирет рингге чыгып, баарында жеңишке жетишкен (31 ирет нокаут менен). Бул беттеш үчүн казак мушкери 2 миллион доллар алса, канадалык мушкерге 1,5 миллион каралган.
Буга чейин Головкин америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер менен беттешүү ниетин билдирген.